БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ - психология или­минин баланын психикасынын өнүгүү мыйзам­ ченемдүүлүгүн, ар кандай курактагы балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн (фактор, механизмде­рин) изилдөөчү бир тармагы. Окуу-тарбиялоо­нун практикалык маселелерин, педагогикалык психология м-н философиянын теориялык маселелерин иштеп чыгууда балдар психолгиясынын мааниси чоң. Атайын изил­дөөлөр 19-кылымдын аягында ж-а 20-кылымдын башында пайда болгон. Белгилүү психологдор (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, А. А. Менчинская, П. Я. Гальперин, Д. Б. Эль­конин, А. В. Запорожец ж. б.) баланын психи­касынын өнүгүүсүнө тарыхтын, маданияттын, ай­лана-чөйрөнүн ж-а иш-аракеттин тийгизген таа­сирин анализдешкен. Балдар психологиясында илимий эксперимент­тердин коюлушу бул илимдин өнүгүүсүнө өз та­асирин тийгизген. Кыргызстанда алгачкы илимий иш­тердин негизги максаты баладагы психикалык өнүгүүнү изилдөөдө жергиликттүү шарттын өзгөчөлүк­төрүн чагылдырууга багытталган. Мектепке че­йинки балдарды тарбиялоонун, окутуунун пси­хологиялык-педагогикалык принциптери М. Р. Рахимованын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбия­лоо системасынын өнүгүшү» деген эмгегинде ча­гылдырылган. Илимий -эксперименттик, психологиялык изилдөөлөр С. И. Гершун, Ж. Жоокаев, Н. Н. Палагина, Ж. М. Жумалиева, К. Н. Кененбаева, Ч. А. Шакеева, С. В. Фатеев, А. Ысыкеев, К. Миң­баев, Т. А. Коңурбаев ж.б. психологдордун эм­гектеринде кеңири берилген. Балдар психолгиясынын негизги проблемалары Н. Н. Палагина тарабынан илимий-эксперименттик деңгээлде кеңири изилденип, «Мектеп жашына чейинки курактагы балдар­дын оюндары» (1989), «Элес башаты» (1992) сыяктуу эмгектер жарык көргөн.