БАЛДАР ҮЙҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР ҮЙҮ - ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же ден соолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кыргызстанда Балдар үйү 7 жашка чейинки ж-а мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Балдар үйү тибине ж-а укуктук статусуна ылайык бал­дар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, да­рылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарт­тар м-н камсыздалат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок шаарларындагы Балдар үйүндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызмат­керлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6-7 жаштан кийин мектеп курагындагы бал­дарга арналган Чүй облусунун Москва районундагы, Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Кадамжай райондорундагы Балдар үйүнө тапшырылат. Балдар үйү кароосуз калган балдарга мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгек­тенүүгө даярдайт.