БАЛКАН СОЮЗУ
БАЛКАН СОЮЗУ (1912) - Болгария, Сербия, Грекия ж-а Черногориянын Түркияга, иш жүзүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган согуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар согуштук конвенциялар ж-а келишимдер м-н толукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу м-н түзүлүп, Россия бул союздун жардамы м-н Австрия-Венгриянын ж-а Германиянын Балканга келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия м-н Франциянын өкмөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын ж-а Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна ж-а Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара согушуна алып келген, к. Балкан согуштары (1912-13).