БАЛКАШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКАШ — Казакстандын чыгышындагы туюк көл. Балкаш-Алакөл ойдуңунда (деңиз деңгээлинен 342 м бийикте), аянты 17ден 22 миң км2ге че­йин өзгөрүп турат. Тереңдиги 26,5 м ге чейин. Суусунун орточо көлөмү 105 км3. Булуң-буйтка­луу. Сары-Эшик ж. а. көлдү экиге бөлөт. Баты­шынан Иле, чыгышынан Каратал, Аксуу, Леп­сы ж. б. дарыялар куят. Балкаш көлүнүн батыш бөлү­гүнүн суусу тузсуз, таза, чыгышыныкы туздуу­раак. Көлде жалпы аянты 66 км2 жеткен 43 арал бар. Алардын ирилери - Басарал, Таса­рал. Иле дарыяларынын сугатка көп таралышы көлдүн туздуулугун күчөтүп, деңгээлинин төмөндөшүнө шарт түзүүдө. Ноябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (сазан, судак, сом ж. б.) кармалат. Кеме жүрөт. Боюнда Балкаш шаары бар. Негизги прис­тандары: Бурылдайтал, Бурлитөбө.