БАЛЛИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЛИСТИКА (нем. Ваllіstік - ыргытам) - артиллерия снаряды, авиабомба, мина, гранат ж-а ок-дарынын, ошондой эле ракета ж-а анын согуш блокторунун, космос аппаратынын ж. б-дын кыймылы жөнүндөгү илим. Мындай кыймылга нер­сени запас кинетикалык энергияга ээ кылуучу күүлөнүп (активдүү) учуу ж-а ал энергияны чөйрө каршылыгын, оордук күчүн жеңүүгө сарптаган эркин (пассивдүү) учуу мүнөздүү. Баллистика теориялык ж-а асман механикасынын, термо-, газо­ ж-а аэродинамиканын, ок-дарынын күйүү, математикалык статистика теорияларынын, ыктымалдык ж-а башкаруу теориясынын ж. б. закондорго негиз­делет. Баллистиканын негизги ыкмасы - снаряд ж-а ракета кыймылдарын детерминацияланган ж-а стохастикалык мазмундагы дифференциалдык ж. б. теңдемелер системасына негизделген эсептөө техникасынын жардамы м-н математикалык моделдөө. Аскер ишинде, космонавтикада, криминалистикада ж. б-да кеңири пайдаланылат. Най системасынын ж-а ракетанын (реактивдүү снаряддын) Баллистикасынын курамдык бөлүктөрү бо­луп ички ж-а сырткы Баллистика эсептелет. И ч к и Баллистика - курал найынын каналында ыргытуучу заряд күйгөндө пайда болгон газдын таасири астындагы снаряддын кыймылын, ошондой эле аткан учурда найдын каналында же ракетанын күйүү камерасында пайда болгон башка процесстер­дин закон ченемдүүлүгүн изилдейт. Анын негизги бөлүмдөрү: пиростатика, пиродинамика, ку­ралды Баллистикалык долбоорлоо. С ы р т к ы Баллистика - кыймылга келтирүүчү түзүлмөнүн өз ара аракети, ошондой эле бул кыймылга таасир этүүчү факторлор токтогондон кийинки ракета, снаряд ж. б-дын кыймылын изилдейт. Анын ыкмалары башка­руучу күчтөр ж-а моменттердин таасирисиз космос аппаратынын кыймылынын закон ченемдүүлүгүн окуп-үйрөнүүдө колдонулат. Баллистика Байыр­кы Грекияда Архимеддин атуучу куралдарды (катапульта, баллиста ж. б.) жасоосуна ж-а аларды колдонууга байланыштуу пайда болгон. Снаряддын кыймылын окуп-үйрөнүү 17-18-кылымдар­да X. Гюйгенс (Нидерланд), П. Вариньон (Франция), И. Бернулли, Л. Эйлер (Швейцария) ж. б-дын иштери м-н байланыштуу өнүккөн. 20-кылымда орус окумуштуулары Н. Ф. Дроздов, И. П. Граве, Н. А. Забудский ж. б-дын Баллистиканын негизги маселелерин чечүүгө ж-а эсептөө ыкма­сын өнүктүрүүгө байланышкан иштери дүйнөгө белгилүү болгон.