БАЛТАГУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТАГУЛОВ Төрөгелди (1920, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Кош-Алмурут айылы - 1966, Фрунзе) - коомдук ж-а мамлекеттик ишмер. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун, Москвадагы жогорку пар­тиялык мектепти бүтүргөн. 1941-44-жылдарда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мек­тепте мугалим, директор, райондук элге билим бе­рүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан КП Ала-Бука райко­мунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан ЛКЖС Жалал-Абад обкомунда про­паганда бөлүмүнүн башчы-

сы, 1944-49-жылдарда комсомолдун Жалал-Абад обко­мунун 1-секретары, 1953-55-жылдарда партиянын Ош обкомунун секретары, эмгекчилер депутатта­рынын Ош облустук советинин аткаруу комитети­нин төрагасы, 1955-62-жылдарда Кыргызстан КП Жалал-Абад обкомунун 1-секретары, эмгекчилер депутатта­рынын Ош облустук советинин аткаруу комитетинин төрагасы, партиянын Ош обкомунун 1-секрета­ры, 1962-жылдан профсоюздардын республикалык советинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1955-59), СССР Жогорку Советинин (1958-66) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. Райондун борборундагы мектепке, көчөгө ысмы берилип, айкели тургузулган.