БАЛТИКА КАЛКАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТИКА КАЛКАНЫ - Чыгыш Европа плат­формасынын түндүк-батыш тарабындагы кембрий­ге чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушар болгон фундаменттин жер бетине чыгып жаткан аймагы. Россиядагы Карел Республикасы, Мурман ж-а Ленинград облустарынын батыш бөлүктөрүн, Финляндия ж-а Швециянын аймактарын ээлейт. Балтика калканы архей м-н протерозой замандарынын ме­таморфизмделген ж-а татаал өзгөрүүлөргө, бүк­төлүүлөргө учураган гнейс, кристаллдуу сланец сыяктуу тоотектерден турат. Балтика калканында темир (Швеция), жез-никель ж-а апатит (Хибинде, Россия) кендери бар.