ВЬЕТНАМ ТИЛИ
ВЬЕТНА́М ТИЛИ – вьетнамдардын тили; Вьетнамдын мамлекеттик тили. Кытай-тибет тилдеринин кытай бутагына кирет. Вьетнам тилинде сөздүн морфологиялык жиктелиши муун м-н бирдей, сөздөрдүн уңгусу бир муундуу, лексикасында кытай тилинен кирген сөздөр көп. Грамматикалык мааниси сөздөрдүн туруктуу тартиби, артиклдер, жандоочтор, жардамчы этиштер аркылуу туюнтулат. Вьетнам тилинде үч диалект бар. Алгачкы жазуусу кытай иероглифине негизделген. 1885-жылдан тартып латын алфавити колдонулат.