БАЛЫК (астрономияда)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАЛЫК to БАЛЫК (астрономияда)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК а с т р о н о м и я д а — жазгы күн-түн теңелүүнүн чекити жайгашкан зодиак топ жыл­дызы. Бардык жарык жылдыздары жем талаш­кан эки балыкты элестетет. Анын өтө жарык жылдызы (а-Балык) көгүш, бетинин температурасы 10000° К, көрүнгөн жылдыз чоңдугу т=4,3т ге барабар, температурасы ж-а түсү негизги жылдызга окшош жандоочусу бар, анын көрүнгөн жыл­дыз чоңдугу т=5,2т. Бул эки жылдыздын ар бири - жалпы массага ээ кош жылдыз. Бул топ жылдыз КМШнын орто кеңдигинен жай­дын аягында, күзүндө ж-а кыштын башталы­шында көрүнөт.