БАЛЫК ЗАВОДУ
БАЛЫК ЗАВОДУ - балык өстүрүүчү ишкана. Анда балык урук таштоочу, инкубациялык, чабак өстүрүүчү, тоют даярдоочу цехтер болот. Анын структурасы балыктын түрүнө ж-а андан алынуучу продукцияга жараша түзүлүп, аны курууда ошол жердеги суунун сапатына көңүл бурулат. Балык урук чачуучу мезгилине чейин өзүнчө кармалып, жетилгенден кийин уруктандырылат. Чабак бассейндерде ж-а жасалма көлмөлөрдө өстүрүлөт. Аларды тоюттандыруу үчүн атайын курттар, суу бүргөлөрү көбөйтүлүп, көк боор, сөөк уну ж-а тууралган балык эти пайдаланылат. Ысык-Көлдөгү Тоң заводунда жилингир (форель) балыгы өстүрүлөт.