БАЛЫК МАЙЫ
БАЛЫК МАЙЫ (Оlеum jaecoris Аsеll) - трескалар тукумундагы балыктын боорунан алынат. А, Д витаминдери болот. Медицинада колдонулуучу балык майы итий, остеомаляция, анемия ооруларында, ошондой эле ар кандай жараатта, күйүктө дары катары ж-а тамак-аш өнөр жайында пайдаланылат. Техникада колдонуучу балык майы - куйкум жыттуу, сары же күрөң суюктук. Бул май балык калдыктарын кайра иштетүүдөн алынып, булгаары чыгаруу ж-а самын кайнатуу өнөр жайларында колдонулат. Төлдүн, жөжөлөрдүн бат торолушу үчүн жемге аралаштырылып берилет ж-а малдын итий, ксерофтальмия ж. б. илдетин дарылоодо да пайдаланылат.