БАЛЫКИН
БАЛЫКИН Валерий Васильевич (1941-жылы туулган, Бишкек) - ички кызматтын генерал-майору (1990). Бишкек политехника институтун (1964), Ташкен партиялык жогорку мектебин (1984) бүткөн.

1958-80-жылдарда «Оор-электрмаш» заводунда инженер, конструктордук бюронун начальниги, башкы инженер, директор, 1980-82-жылдарда
Кыргызстан КП Биринчи май райкомунун 2-секретары, 1982-93-жылдарда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, 1993- жылдан ИИМдин системасында жетекчилик кызматта. Медалдар м-н сыйланган.