БАЛЫКЧЫ
БАЛЫКЧЫ (1954-89-жылдарда Р ы б а ч ь е, 1989- 92-жылдарда Ы с ы к - К ө л, 1992-жылдан адепки аты Балыкчы кайтарылган) - Ысык-Көл облусундагы шаар. Ысык-Көлдүн батыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1620-1640 м бийиктикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкек шаарынан 175 км чыгыш тарапта. Калкы 41,3 миң (2005). Шаар Ысык-Көлдүн жээгин бойлой 12 км ге созулуп жатат. Климаты континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы -4еС...-6'’С, жайы ысык, июлдун орточо температурасы 20'С. Жылдык жаан-чачын өтө аз (115 мм) түшүп, кышында кар жатпайт. «Улан» шамалы жылына орто эсеп м-н 20-60 күндөй, айрым жылдары 40-100 күнгө чейин созулуп, ылдамдыгы 40 м/сек га жетет. Калкы көп улуттуу: кыргыз, орус, украин, казак, уйгур, татар, дуңган, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ири ишканалары: «Ысык-Көл дан азык», «Алтын дан», «Каухар таш», «Ынтымак», «Калемгер», «Көк-Ойрок» акционердик коомдору. «Ак кеме» акционердик коому Кыргызстандагы суу транспорту үчүн кемелерди куруу ж-а оңдоо боюнча жалгыз ишкана. Шаар - автомобиль, темир жол, суу жолдор тоому. Балыкчы аркылуу Бишкек - Нарын - Торугарт, Бишкек - Каракол (Күнгөй ж-а Тескей аркылуу) мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Луговой - Бишкек - Балыкчы темир жолунун аяккы пункту. Нефть базасы иштейт. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарын күйүүчү-майлоочу май м-н камсыз кылат. «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасын күйүүчү-майлоочу май м-н камсыз кылуучу жаңы нефть базасы курулган. Көл аркылуу оор жүк ташуу кыскарган. Негизинен көлгө зыян келтирбеген жүктөр ташылат. Шаарда ири кампа, базалар да иштейт. Балыкчы социалдык-экономикалык институту (менчик), тогуз орто, башталгыч, спорт, музыкалык мектептер, бала бакча, үй-бүлөлүк тарбиялык борбор, мектепке чейинки пилоттук мекеме, кесиптик-техникалык окуу жайы, техникум, коллеж, 13 китепкана, 6 клуб бар. Шаардык оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, тиш поликлиникасы, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.
К. Кулназарова.