БАЛЬЦЕРОВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЦЕРОВИЧ Лешек (1947-жылы туулган) - польша­лык экономист ж-а мамлекеттик ишмер. 1989-92-жылдарда Польшанын финансы министри. Анын демил­геси м-н Польшада рынок экономикасын түзүү б-ча реформалар жүргүзүлгөн. Реформалар эркин соода жүргүзүү, валюта алмаштыруу ж-а бааларды либералдаштыруу чараларын камты­ган. Анын жүрүшүндө келип чыккан баалардын кескин жогорулашы ж-а инфляция поляк элинин абалын оорлоткон. 1992-жылы Польшанын президенти Лех Валенса өз өкмөтүнүн популяр­дуулугун сактап калуу үчүн аны отставкага ке­тирүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан Бальцерович баш­таган реформалар оң натыйжаларды берип, өлкөнүн экономикасы өнүгө баштаган. Рынок экономикасына өтүүнүн польшалык үлгүсү дүй­нөлүк коомчулук тарабынан таанылган. Экономиканы реформалоонун мындай жолу кийин «шок терапиясы» деген атка ээ болгон.