БАМАКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАМАКО - Мали Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти (дистрикт) түзөт. Калкы 1,3 млн (2005). Нигер дарыясынын боюнда жайгаш­кан. Жолдор тоому. Атлантика океанындагы Дакар порту, Нигер дарыясындагы Куликоро дарыя порту м-н темир жол аркылуу байланышат. Ба­мако-Сену эл аралык аэропорту бар. Бамаконун азыр­кы аймагында 1-тургун жайлар 15-кылымда эле пайда болгон. 19-ккылымдын 2-жарымына чейин малинке ж-а бамбара урууларынын өкүлдөрү отурук­ташкан анча чоң эмес кыштак, 1882-жыл фран­цуздар басып алгандан кийин Франциянын соода факториясы ж-а таяныч пункту болгон. 1908-жылдан француздардын колониялык администрациясынын резиден­циясы. 1920-58-жылдарда Франция Суданынын, 1958- 60-жылдарда Мали Федерациясынын, 1960-жылдан Мали Республикасынын борбору. Чоң мечит, псевдороман стилиндеги Жанна д’Арк собору (1925-36), кол өнөрчүлүк үйү (1932), борбордук базар, улуттук илимий ж-а техникалык изилдөө борбору (1986), тропика өсүмдүктөрүн ж-а азык­түлүктү изилдөөчү агрономия (1962), Сахел (1977), офтальмология (1953) институттары, улуттук китепкана (1913), улуттук (1953), край таа­нуу музейлери бар. Ботаника ж-а зоология бакта­ры уюшулган. Бамако - өлкөнүн ири өнөр жай ж-а соода борбору. Өнөр жайлуу зонасы шаардын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Текстиль комбинаты, айыл чарба шай­мандар заводу, ширеңке ж-а сигарета фабрикасы, та­мак-аш (тоңдурма кушкана, минералдык ж-а жемиш сууларын куюучу завод), булгаары-бут ки­йим, фармацевтика, металл иштетүү өнөр жай­лары, ремонттоочу жайлар бар. Кол өнөрчүлүк (жыгачка ж-а пил сөөгүнө оймо-чийме түшүрү­лөт, токуучулук, алтын, күмүш, булгаары иштетүү) өнүккөн. ГЭС бар. Бамакого жакын жердеги үңкүрдө неолит дооруна таандык аска бетинде­ги сүрөттөр сакталган.