БАМБУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАМБУК (Ватbusа) - дан өсүмдүктөр тукуму­ндагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Жыгачка айланган сөңгөгүнүн бийиктиги 35 м дей, муунактуу, жогору жагы бу­тактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке, жал­бырак сабы кыска. Топ гүлү шыпыргы, кош жы­ныстуу; мөмөсү - данча. Бамбук чанда (10-12 жыл­да) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куу­райт. Өтө тез өсөт (суткасына 0,75 м). Анын 80дей түрү негизинен Чыгыш ж-а Түштүк Азияда өсөт. Көгүлтүр бамбук көбүнчө саябакта (паркта), бакта кооздук үчүн өстүрүлөт. Кадимки ж-а камыш бамбук баалуу курулуш материалы. Саза уруу­сунун бир нече түрү КМШ өлкөлөрүндө, Курил ж-а Сахалин аралдарында жапайы өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда ж. б. бир катар өлкөлөрдө целлюлоза-кагаз өнөр жайына сырьё катары пайдаланылат.