БАНАХ МЕЙКИНДИГИ
БАНАХ МЕЙКИНДИГИ - норма киргизилген ж-а ошол нормага карата толук болгон вектордук мейкиндик. Польша математиги С. Банахтын ысмынан аталган. Немец математиги Д. Гильберт, француз математиги М. Фреше, венгр математиги Ф. Рисстин функционалдык мейкиндикти изилдөөлөрү (1904-18) Банах мейкиндигинин пайда болушуна түрткү болгон. Ошолордо алгачкы жолу Банах мейкиндигинин негиздүү түшүнүктөрү изилденген. Алар: өтө ж-а начар жыйналуучулуктар, сызыктуу функционалдын ж-а сызыктуу оператордун компакттуулугу ж. б. Банах 1922-жылы бул мейкиндиктерди изилдеп, орчундуу илимий жыйынтыктарга келген. Банах мейкиндигинин проблематикасы бир нече багыттардан биригип түзүлөт. Алар: бирдик сферанын геометриясы, камтылган мейкиндиктердин геометриясы, сызыктуу топология.
Ад.: Данфорд Н., Шварц Дж. Т. Линейные операторы. Общая теория. М., 1962.