БАНГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНГИ - Борбордук Африка Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Калкы 542,4 миң (2005); Борбордук Африка Республикасынын шаар калкынын 40% жашайт. Өлкөнүн түштүгүндө, Убанги дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту (Борбордук Африка Республикасынын сырткы соодасын ж-а бир аз Чад Республикасын тейлейт). 1989-жылы Франция форту катары негизделген. 1914-58-ж. Франциянын колониясы Убанги- Шаринин административдик борбору. 1958-жылдан Автоно­миялык Республика (Франция коомунун кура­мында), 1960-жылдан көз каранды эмес мамле­кеттин борбору. Борбордук бөлүгүндө өкмөттүк ж-а административдик, соода мекемелери, батышында соода квар­талдары, түштүгүндө өнөр жай аймактары жайгашкан. Мурдагы Франция фортунун калдык­тары, Кудай Эне собору (19-кылымдын аягы - 20-кылым­дын башы) сакталган. Улуттук край таануу (1964), өлкөнүн өткөндөгү тарыхы, эстелиги, турмуш-тиричилик буюмдары, музыкалык аспаптар музейлери, Улуттук искусство ж-а кол өнөрчүлүк борбору (1975), университет (1969), 6 институт (анын ичинде политехникалык, айыл чарба), илим-изилдөө борборлору (Пастер атындагы, 1961, ж. б.) иштейт. Тамак-аш, жыгаччылык, жеңил (анын ичинде кебез-кездеме комбинаты), металл иштетүү, тамеки, самын кайнатуу өнөр жайлары бар. Мотоцикл ж-а велосипед чогултулат.