БЕЙСИК ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ
БЕ́ЙСИК ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ – эсептөө маселелерин чыгаруу алгоритмдерин баяндоого арналган жогорку деңгээлдеги тил. Анын алгачкы версияларынын жөнөкөйлөтүлгөн конструкциялары ж-а алдынала түзүлгөн мат. функциялары болгондуктан, үйрөнчүк-программалоочу оңой өздөштүрөт. 1963-ж. Дартмунд коллежинин студенттери иштеп чыгышып, алгач программалоону үйрөтүү үчүн колдонулган. Б. п. т. жөнөкөй, ал алгачкы микроЭЭМде колдонууга ыңгайлуу, жеке ЭЭМде программалоонун негизги тили.