БЕЙТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙТ (ар. байт – үй деген сөздөн) – туташ уй­каш эки саптан турган ыр түрмөгү. Ал Чыгыш элдеринин поэзиясына мүнөздүү болгон. Низами, Навоинин поэмалары Б. формасында жазылган. Казал, касыйда адатта туташ уйкашкан эки сап­тан, б. а. Б-тен турат. Кыргыз оозеки ж-а жазма ад-тында да көп кездешет. А. Осмонов элдик дас­тандардын негизинде «Мырза уул», «Карагул бо­том» поэмаларын Б. формасында жазган.