БЕЙШЕЕВ Закон
БЕЙШЕЕВ 1 Закон (5. 12. 1936-ж. т., Ысыккөл обл., Жетөгүз р-ну, Саруу кыш.) – туңгуч кыргыз энциклопедиячыларынын бири, инженер-геолог, журналист, КРдин

мад-тка эмг. сиң. ишмери (1994), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1998). 1958-ж. ФПИнин тоокен ж-а геология ф-тин бүтүргөн. 1958– 71-ж. Кыргыз геология башкармасынын тармагында геолог, отряд жетекчиси болуп эмгектенген. 1972-жылдан Кыргыз совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында ил. редактор, улук ил. редактор, редакция башчысы, жооптуу секретарь, башкы редакторго орунбасар. Б. кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсалдык энциклопедияны даярдоого орчундуу салым кошкон. «Манас энциклопедиясын» чыгаруу демилгесин көтөргөн, респ-нын ил.-маалыматтама басмасын калыптандырууда чоң эмгек сиңирген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин респ. «Эскерүү» китебин түзүүгө редколлегия мүчөсү катары активдүү катышкан. Публ. макалалары ж-а даректүү баяндары, чакан аңгемелери, техника б-ча окуу китептеринин котормолору жарык көргөн. Даңк ж. б. медалдар м-н сыйланган.