БЕЙШЕЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕЕВА Асанбүбү (22. 9. 1939-ж. т., Ысык­көл обл., Тоң р-ну, Актерек кыш.) – КРдин эл арт. (1992). Ысыккөл драма театрында (1960– 62), Нарын муз. драма театрында (1962–73),

1973-жылдан Ош кыргыз драма театрында иштеген. Б. ар кыл каармандардын образын түзүп, жекече мүнөз таба билген актриса. Аткар­ган негизги ролдору: Эне (А. Дударев, «Босого»), То­той (Ч. Айтматов, «Бетме бет»), Кумири (Ж. Садыков,

«Жүрөккө жүрөк жашы­нат»), Таңгабийке (М. Ка­рим, «Ай тутулган түндө»), Тоту (К. Жантөшев, «Каныбек»), Айша апа (Ч. Айтматов, «Фудзиямадагы кадыр түн») ж. б. ж-а дүйнөлүк классикалык чыгармалардан Г. Йоркская (В. Шекспир, «Ричард III»), Мөөр­жан (М. Ауэзов, «Кара көз»), Марфа (Н. Лес­ков, «Макбет айым») ж. б. Театрда 30 жылдан ашуун иштеп, көптөгөн жаркын образдарды жаратты. Ж. Садыковдун «Ак Мөөр» спектаклин­деги аялдын (Таберик) ролун мыкты аткарып, 1992-ж. респ. «Нооруз-92» театр фестивалынын жеңүүчүсү болгон.

М. Ауэзов. «Кара көз» спектаклинен. Апаны н р олун да А. Бейшеева.