БЕЙШЕМБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕМБАЕВ Кыдыр (1921, Ысыккөл обл., Же­төгүз р-ну, Акдөбө кыш. – 1978, Ысыккөл обл., Каракол) – адабиятчы, тилчи, филология илимд. доктору (1974), проф. (1975). Каракол пед. окуу жайын (1939), КМПИнин тил ж-а ад-т ф-тин (1947) бүтүргөн. Кыргызмамбаста редактор (1947–49), Ош мугалимдер окуу жайында, Ош пед. ин-тунда окутуучу, кафедра башчысы, Кыр­гыз ССР ИАнын Тил ж-а ад-т ин-тунда ил., улук ил. кызматкер болуп иштеген. Кыргыз ад-ты­нын тарыхын изилдеген 100дөн ашуун ил. эм­гектин автору. Медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: О произведениях А. Токомбаева. Ф., 1971.