БЕЙШЕНАЛИЕВ Болот

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕНАЛИЕВ 2 Болот (25. 6. 1935, Чүй обл., Кемин р-ну, Калмакашуу кыш. – 17. 11. 2001, Бишкек) – артист, киноактёр, КРдин эл арт. (1995), «Алтын көпүрө» (Казакстан) эларалык сыйл. лауреаты (2001). Кыр­гыз мамл. опера ж-а балет театрынын алдындагы 2 жылдык студияны, А. Н. Островский атн. Ташкен те­атр иск-восу ин-тун (1962) бүтүргөн.

«Кыргызфильм» киностудиясында режиссёр­дун ассистенти, актёр, Кыр­гыз мамл. акад. драма те­атрында (1970–75), «Мос­фильм» киностудиясында (1976–91), 1992-жылдан Респ. жаштар театрын­да эмгектенген. Б. театрда ж-а кинодо көптөгөн аркыл мүнөздөгү образдарды түзгөн. Театрда аткарган ролдору: Ассистент (Н. Хикмет, «Уну­тулган адам»), Дербиш (М. Карим, «Ай тутул­ган түндө»), Исабеков (Ч. Айтматов, К. Муха­меджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн») ж. б. «Кыргызфильм» студиясында тартылган кино­фильмдерде Боз үйдүн ээси («Тайгак кечүү», 1964), Болот («Ак Мөөр», 1968), Касым («Саман­чынын жолу», 1967), Эркин («Көз кареги», 1975), Дүйшөн («Биринчи мугалим», 1965), Азизов («Ур­куя», 1970), Дубана («Манас ааламы», 1995), Карыя («Томого», 2001) ж. б. образдарды жарат­кан. Он алты жыл «Мосфильм» киностудиясын­да иштеп, башкы ж-а эпизоддук ролдорду ат-

«Биринчи мугалим» фильминен көрүнүш. Дүйшөн – Б. Бейшеналиев, Алтынай – Н. Аринбасарова.


карган. Белгилүү орус кинорежиссёру А. Тар­ковскийдин «Андрей Рублёв» кинофильминде хандын ролун ойногон (1967). Б. 1991-ж. Кырг­нга кайтып келген. Жаңы заман ж-а келечек муун үчүн күрөш жүргүзгөн оптимисттик рухта­гы Дүйшөн, Миркамил сыяктуу революционер­лердин, тарыхта аты калган хандардын гана образдарын жаратпастан, согуш темасындагы фильмдерде аскер адамдарынын мүнөздөрүн да терең ачып берген. «Ташка баткан элестер» (реж. Ү. Ибрагимов, 1975) фильминде майдандан жа­радар болуп келген Эсенгелдинин образын көрүүчүлөргө ишенимдүү тартуулаган. «Гоби жана Хинган аркылуу» (реж. В. Ордынский, 1981) фильминдеги япон генералы Сиро Исси­нин, ашкере канкор адамдын, ролун аткарган. Б-дин чыг-лыгы «Өзбекфильм» студиясы м-н да байланыштуу: Каюм («Келгин куштар», 1966), комиссар М. Миршарапов («Кызыл кумдар», 1968), Качкын («Акыркы ок», 1973), Спаут («Абу Рейхан аль-Бируни», 1974) ж. б., о. эле «Казак­фильм» студиясында – Таир («Горизонттор», 1972), Ван («Ажыдаар жылы», 1981), Тыңчы («Даңазалуу Чокан», 1984), Бөжөй («Абай», 1990), Чыңгызхан («Отрардын кыйрашы», 1991), хан Эмир («Алардын эң назиги», 1996) ж. б., «Тажикфильм» студиясында Саттар («Унутта калган ашуу сыры», 1972), Мырзакул («Ганг таңы», 1976), Көзбоочу («Ак илбирстер», 1984) ж. б. образдарды жараткан. Ал Венгрия­нын «Мафильм», Чехословакиянын «Барран­дов», Германиянын «ДЕФА», о. эле «Бела­русфильм», «Довженко», «Молдовафильм», «Ленфильм», «Экран», «Свердловфильм», «Горь­кий», «Одесса» киностудияларында да киного тартылган. Б. кинематографияга арнаган отуз жети жылдык өмүрүндө 100дөй кинодо кайта­лангыс образдарды жараткан. Монгол Респуб­ликасынын Достук ордени м-н сыйланган.


Н. Жылдызова.