БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек
БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек (25. 10. 1928, Нарын обл., Акталаа р-ну, Куртка кыш. – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин исквосуна эмг. сиң. ишмер (1974), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1982). Б. 1943-ж. Нарын ш-нда ачылган алты айлык мугалимдер курсунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.

Нарын пед. окуу жайын (1946), КМУнун филология ф-тин (1952) бүткөн. 1952–53-ж. СССР ИА- нын Кыргыз филиалынын Тил, адабият ж-а тарых интунда ил. кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редактор (1953), Кырг-н ЛКЖС БКнын секретары (1954), «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-ж. СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөндөн кийин ал Кырг-н жазуучулар союзунун секретары, Чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кыргндагы коомунун президиумунун төрагасынын орунбасары ж-а төрагасы болгон. Б-дин чыг-лыгынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдангандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-ж. «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кычан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жаратып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чыныгы достук» повести (1950) балдарга арналган чыгармалардын респ. конкурсунда 1-сыйл. татыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табышмакчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы», «Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Б-ди жаш окурмандарга тааныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-ж. повестке эларалык Андерсен атн. сыйл., 1982-ж. Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды толкунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Б. – чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат жалында секелек», «Даниялык дептерден» аттуу чыгармалардын автору. 1953-ж. жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каармандары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Автор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтуштарынан турмуштук зарылдыктарды эрте айырмалоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсөтөт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тилдерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-ж. аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлыгач» (1959) повестиндеги жаш кыздын а. ч-нда калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кыймылга айланган. Балдар темасындагы чыгармаларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-ж. жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» аттуу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-
экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм процесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жараланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяктуу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ортосундагы байланышты таба билген. Б-дин роман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка
чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, айрыкча окуп, билим алууга умтулган жаштардын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллигенциясынын турмушун көркөм чагылткан жаңычыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) романынын өзөгүнө Соц. Эмг. Баатыры Ракматалы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон.
«Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-китеби 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акындарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индивидуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. О. эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) повестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макалалар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Б. драматург катары да таанымал болгон. Анын
«Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962),
«Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жашарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер»,
«Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар.
Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңгемелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пьесаларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кычан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак
тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн.
Ад.: Абдраимов Ж. Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; Артыкбаев К. Мезгил элестери. Ф., 1988; Асаналиев К. Көркөм нарк. Ф., 1988; Давыдова Т. Т. Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; Түлөгабылов М. Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002.
Д. Андашев.