БЕЙШЕНОВ Асаналы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕНОВ Асаналы (24. 4. 1941-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Токбай кыш.) – живописчи, КРдин эл сүрөтчүсү (2000). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москва­дагы В. И. Суриков атн. көркөм сүрөт ин-тун (1969) бүтүргөн. Кырг-н сүрөтчүлөр союзунун Ош обл. бөлүмүн неги здөөчүлөрдүн бири. 1966-жылдан респ., бүткүл союздук ж-а эларалык көр­гөзмөлөрдүн катышуучусу.

Бейшенов А. «Жолугушуу». 1971. 1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Б-дун эмгектеринин тематикасы согуштун ан­тигумандуулугу («Согуш жылдары. Машак терүү»), кыргыз иск-восундагы адам м-н жара­тылыштын байланышы («Булактын жанында»,

«Пахта көтөрүп бара жаткандар») болуп сана­лат. Портрет жанрында натураны байкоосу кар­тиналарында курч ж-а кооз живопистүү чечил­ген. Анын негизги чыгармалары Г. Айтиев атн. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт иск-во му­зейинде ж-а КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталып турат.