«БЕКБЕКЕЙ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БЕКБЕКЕЙ» – кыргыз оозеки адабий муз. чыг­лыгындагы эмгек ырларынын бири. Ал көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чык­кан. «Б.» дегендин этимологиясы ж-дө кыргыз фольклористикасында эки ача пикир бар. Ай­рым илимпоздор (М. И. Богданова) ырдагы «Бек­бекей», «Саксакай» деген аттарды байыркы көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлер (колдоо­чулар) деп болжолдосо, айрымдары (Ж. Таште­миров) «бек! бек! эй!» ж-а «сак! сак! эй!» деген этиштик кыйкырыктардан затташуу жолу м-н келип чыккан деп ой жоруйт. Бул эки пикир тең тек гана божомол мүнөзүндө. «Б.» ырын жайкы түндө короо күзөткөн жаштар, көбүнчө кыз-келиндер ырдашкан. Ырдын текстинде ба­йыркы поэзиядагы магиялык элементтер м-н соңку лирикалык ырлардын мотивдери айка­лышып кеткен. «Б.» ырынын бир нече вариан­ты бар, варианттарда айырмачылыкка караган­да окшоштуктар басымдуураак. «Б.» лирика­лык мүнөздөгү обон м-н аткарылган. Анын обону А. Аманбаев м-н С. Германовдун «Айша менен Айдар» операсында, М. Абдраевдин «Суусамыр» симф. поэмасында пайдаланылган. Б-ди «Кам­баркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли түпкү өзөгүн бузбай, мукамдуу аткарат.

Ад.: Закиров С., Токомбаева А. Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү. Ф., 1981; Богданова М. Киргизская литература. Очерк. М., 1947; Виноградов В. С. Киргизская народная музыка. Ф., 1958.