БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич
БЕКБОЕВ 1 Мэлс Сагыналиевич (20.11.1952-ж. т., Бишкек) – генерал-майор (2004). Алматы командалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атн. аскердик академияны (1997), РФтин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүткөн. Взводдун командиринен ротанын командирине чейинки командалык кызматтарда, 1998–2002-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик даярдоо башкармасынын начальниги, 2004-жылдан КРдин коргоо министринин биринчи орунбасары – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги. Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Ата Мекенине кызмат кылгандыгы үчүн», 2-, 3-даражадагы Манас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.