БЕКБОЕВА Алый

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЕВА Алый (12. 6. 1886, Нарын обл., Нарын р-ну, Акталаа кыш. – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын эл­дик көркөм колөнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жум­шаган. 1957-ж. жаштардын ж-а студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү б-ча айырмаланган 30дан ашуун тушкийиз, 25тей аяккап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-ж. кыргыз ад-ты ж-а иск­восунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Б. – улуттук оймо-чийме ж-а кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергеси­нин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчили­гинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Б-нын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петер­бургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине ж-а Кыргыз улуттук көркөм сүрөт иск-во музейине коюлган. КРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт иск-во музейинен орун ал­ган. Б. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.