БЕКБОЛОТОВА Айгүл

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЛОТОВА Айгүл (17. 6. 1954, Ысыккөл обл., Түп р-ну, Күрмөнтү кыш.) – эколог, биол. илимд. доктору (2003). Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тун бүтүргөн (1976). КР УИАнын Бийик тоолуу физиол. ж-а эксперименттик патология ин­тунда кенже ил. кызматкер (1976). 1994–97-ж. Тоолуу шартта адамдын ж-а жаныбарлардын миграциясынын мед.-биол. проблемалары б-ча эларалык лабораторияда ил. кызматкер, ошол эле учурда КМКТАУда окутуучу, 1998–2002-ж. эксперименттик патофизиология лаборатория­сында ил. кызматкер, 2002–03-ж. лаборатория­нын жетекчиси, 2003-жылдан И. Арабаев атн. КМУда кафедра башчысы. 80ден ашык ил. эм­гектин автору. Ил. эмгектери негизинен бийик тоо, түрдүү экол. стресс шарттарында ж-а нор­малдуу учурда кантамырлардын ички беттери­нин, о. эле гемостаздын ыңгайлануу функция­сынын маңызын ачып көрсөтүүгө арналган.

Эмг.: Стрессоустойчивость организма в условиях гор. Б., 1998.