БЕКЕТОВ Андрей Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКЕ́ТОВ 1 Андрей Николаевич [26.11.(8.12). 1825, Россия, Пенза губ., Новая Бекетовка – 1(14).7. 1902, Москванын жаны] – орус бота­ник-эволюционисти, өсүмдүк морфологиясын ж-а географиясын негиздөөчүлөрдүн бири; рос­сиялык ботаниктердин ил. мектебин уюшту­руучу; Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1891), ар­дактуу мүчөсү (1895). Казан ун-тин бүтүргөн (1849). Харьков ун-тинде проф. (1863–97), Санкт- Петербург ун-тинин ректору (1876–83), ошол ун-ттин алдында бот. бак ж-а гербарий уюш­турган. «Ботанические записки» журналын уюштуруучулардын бири. Аялдар жогорку кур­сун уюштурган ж-а жетектеген (1878-жылдан).

Өсүмдүктүн вегетациялык органдарынын түзү­лүш законченемин, өсүмдүктүүлүктүн алкактуу­лук маселелерин ж-а жандуу табияттын бүтүн­дүүлүгүн изилдеген. К. А. Тимирязев, В. Л. Кома­ров, И. Ф. Шмальгаузен анын окуучулары бол­гон. Жогорку мектептер үчүн көптөгөн окуу китептердин автору.

Эмг.: Курс ботаники. Морфология и географические распределение семейств... СПб., 1889.