БЕКЕТОВ Андрей Николаевич
БЕКЕ́ТОВ 1 Андрей Николаевич [26.11.(8.12). 1825, Россия, Пенза губ., Новая Бекетовка – 1(14).7. 1902, Москванын жаны] – орус ботаник-эволюционисти, өсүмдүк морфологиясын ж-а географиясын негиздөөчүлөрдүн бири; россиялык ботаниктердин ил. мектебин уюштуруучу; Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1891), ардактуу мүчөсү (1895). Казан ун-тин бүтүргөн (1849). Харьков ун-тинде проф. (1863–97), Санкт- Петербург ун-тинин ректору (1876–83), ошол ун-ттин алдында бот. бак ж-а гербарий уюштурган. «Ботанические записки» журналын уюштуруучулардын бири. Аялдар жогорку курсун уюштурган ж-а жетектеген (1878-жылдан).
Өсүмдүктүн вегетациялык органдарынын түзүлүш законченемин, өсүмдүктүүлүктүн алкактуулук маселелерин ж-а жандуу табияттын бүтүндүүлүгүн изилдеген. К. А. Тимирязев, В. Л. Комаров, И. Ф. Шмальгаузен анын окуучулары болгон. Жогорку мектептер үчүн көптөгөн окуу китептердин автору.
Эмг.: Курс ботаники. Морфология и географические распределение семейств... СПб., 1889.