БЕКИТҮҮЧҮ ПАТРОН
БЕКИТҮҮЧҮ ПАТРО́Н м а ш и н а к у р у у д а – металл кесүүчү станокто иштетилүүчү тетикти же аспапты бекитип, кармап туруучу түзүлмө. Анын негизги бөлүктөрү – тулкусу ж-а тетик кармагычы. Тулкусу станокко бекитилип, иштетүү убагында тетик же аспап Б. п. м-н кошо айланат. Станоктун түрүнө жараша Б. п. токардык, чарыктык, бургулоочу ж. б. болуп айырмаланат. Токардык Б. п-дун ичинен жетелөөчү (поводоктуу), эки, үч, төрт муштумчалуу (тетикти борборлоштуруп бекитүүчү), төрт цангалуу патрондор белгилүү. Эки-үч муштумчалуу патрондор спираль алкактуу, калтектүү (рычагдуу) болуп жасалат. Төрт муштумчалуу патрондун ар бир муштумчасы өзалдынча жыла алат. Б. п-го тетиктер кол м-н, пневматикалык же автоматтык түрдө бекитилет. Өтө чоң Б. п. электр кыймылдаткычы м-н жабдылган.