БЕККЕРЕЛЬ
БЕККЕРЕ́ЛЬ Антуан Анри (15. 12. 1852, Париж – 25. 8. 1908, Круасик) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1889). Политех. мектепти бүткөн. Париж улуттук табият-тарых музейинин (1892) ж-а Политех. мектептин проф. (1895). Б. оптика, электрмагнетизм, фотохимия, электр химиясы ж-а метеорология илимдери б-ча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түрдүү люминесценциялык заттардын кара кагаздан өтүп, фотопластинкага тийгизген таасирин изилдөөнүн натыйжасында, уран тузунун радиоактивдүү нурлануусун ачкан (1896). Бул нурланууну изилдөө М. Склодовская-Кюри м-н П. Кюринин радиоактивдүүлүктү ачуусуна алып келген. Нобель сыйл. лауреаты (1903).