БЕККЕРЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕККЕРЕ́ЛЬ Антуан Анри (15. 12. 1852, Па­риж – 25. 8. 1908, Круасик) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1889). Политех. мектеп­ти бүткөн. Париж улуттук табият-тарых музей­инин (1892) ж-а Политех. мектептин проф. (1895). Б. оптика, электрмагнетизм, фотохимия, электр химиясы ж-а метеорология илимдери б-ча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түрдүү люминес­ценциялык заттардын кара кагаздан өтүп, фо­топластинкага тийгизген таасирин изилдөөнүн натыйжасында, уран тузунун радиоактивдүү нур­лануусун ачкан (1896). Бул нурланууну изилдөө М. Склодовская-Кюри м-н П. Кюринин радиоак­тивдүүлүктү ачуусуна алып келген. Нобель сыйл. лауреаты (1903).