БЕКНАЗАР КУУДУЛ
БЕКНАЗАР КУУДУЛ , Б е к н а з а р А р з ым а т у у л у (1881, Токтогул р-ну, Ничкесай кыш. – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы. Атасы жокчулуктун айынан жалданып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызылсуу кыш-на байыр алып калат. Жети жашында энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9
жашында үйүнөн безип, Арстанбап мазарына келип, андагы шайыктарга кумганчы (дааратка суу даярдап бергич) болуп иштеген.

Бул жерде ал айрым кожомолдолордун анык алдамчы экенине көзү жетип, аларды жек көрүү сезими пайда болгон. Ошондуктан динчилердин кылык-жоруктарын ашкерелөө анын негизги темасы болуп калган. Анын «Мусулманчылыктын азабы», «Мусаллага тойгондогу зикир», «Молдолор тооруганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду», «Сүзүшмө намаз, мушташма зикир» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. Б. К. 1930-ж. Токтогул р-ндук театрда иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мышык, ит ж. б. жан-жаныбарлардын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Б. К. Токтогул акындын шакирттеринин бири болгон.