БЕКТАШИЯ
БЕКТАШИЯ , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени ж-а бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, ортоазиялык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хорасани (1208–70) тарабынан негизделген. Кичи Азияда 13-к-дын аягы – 14-к-дын башында алгач жерг. көчмөн ж-а отурукташкан түрк элдеринде пайда болуп, кийин Түркия ж-а Балканга кеңири тараган. Б-нын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) ж-а христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. 19-к-га чейин Түркияда Б-нын таасири зор болгон. Анткени бекташтар янычарлар м-н тыгыз байланышта болгон. 1826-ж. султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына карабастан, 19-к-дын ортосунда алардын иш-аракети жандана баштаган. 1925-ж. Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик ордендер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган.