БЕКТЕНОВ Зияш

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКТЕНОВ 1 Зияш (1911, Ысыккөл обл., Түп р-ну, Кеңсуу кыш. – 1994, Бишкек) – тилчи, адабият­чы, жазуучу, котормочу, кыргыз филология илимин негиздегендердин бири.

«Манас» эпо­сун алгачкы изилдөөчүлөр­дөн. КМУнун ардактуу проф. (1991), КРдин эмг. сиң. му­галими (1991). Кыргыз агар­туу ин-тун (1930), кийин Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1940). 1930–31-ж.

Сүлүктү р-нунда (азыркы Баткен–Лейлек) окуу бөлү­мүнүн башчысы 1931–32-ж. Москвадагы СССР элдери­нин борб. басмаканасынын кыргыз секциясында жооптуу редактордун орун­басары, 1932–34-ж. Кыргызмамбаста окуу-ме­тодикалык бөлүмдүн башчысы, ошол эле учур­да башкы редактор, 1940–42-ж. Пржевальск (азыркы Каракол ш.) мугалимдер ин-тунун ди­ректорунун орунбасары, «Кыргызстан» басмасы­нын редактору (1946), 1946–49-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Тил, ад-т ж-а тарых ин­тунда улук ил. кызматкер, «Манас» секторунун башчысы болгон. Күнөөсүз репрессияланып, 10 жылга эмгек лагерине жөнөтүлгөн (1950). 1955-ж. реабилитацияланып, түрмөдөн бошо­тулган. 1961–94-ж. КМУнун улук окутуучусу. 1933-ж. 3–4-класстын (Т. Байжиев м-н бирге) Кыргыз тилинин алгачкы окуу китебин чыгар­ган. Кийин 1940-ж. «Манастын» 1-бөлүмүнүн сю­жетин карасөзгө айлантып (С. Орозбаковдун ва­рианты б-ча) жазып чыккан. Анын «Ачуу-тат­туу аралаш» (1992), «Менин замандаштарым жө­нүндө эскерүү» (1993) аттуу китептери репрес­сия мезгилиндеги саясий кырдаалды кабарлап турат. 1946-ж. 4-класстын (У. Абдукаимов, Х. Карасаев м-н бирге) «Биздин адабият», 1948– 49-ж. (Т. Байжиев м-н бирге) орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор), орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыр­гыз тили» (1959), 5-класстын «Кыргыз адабия­ты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин жазган. Ал көптөгөн


прозалык, драмалык ж-а фольклордук чыгар­маларды, а.и., А. Фадеевдин «Талкалоо» рома­нын (1957; 1974), «Таңдалмалар» (1980), «Жаңы жыл алдындагы күн» (1986), Н. Гоголдун 1-то­мун («Диканькага жакын хутордогу кечелер») ж. б. кыргыз тилине которгон.