БЕКТЕНОВА
БЕКТЕНОВА Дамира Чотуевна (2.3.1949-ж. т.‚ Ысыккөл обл.‚ Жетөгүз р-ну‚ Тамга кыш.) – экономика илимд. доктору (2004). 1967-ж. Фрунзедеги финансы-экон. техникумду‚ 1971-ж. КМУнун экон. ф-тин бүтүргөн. 1973–76-ж. Москва финансы ин-тунун (азыркы РФ Өкмөтүнө караштуу Финансы академиясы) аспирантурасында окуп‚ 1977-ж. кандидаттык диссертациясын жактаган. 1971–95-ж. КМУда окутуучу‚ улук окутуучу‚ кафедра башчысы болуп иштеген. 1995-жылдан КРСУда кафедра башчысы‚ проф. (2005). 90дон ашуун ил.-метод. эмгектери‚ а. и. 6 монографиясы ж-а окуу китептери жарык көргөн.
Эмг.: Финансы‚ денежное обращение и кредит. Б.‚ 1999; Закономерности движения денежных потоков в условиях переходной экономики. Б.‚ 2001; Капитализация средств в финансово-банковской сфере в трансформируемой экономике. Б.‚ 2003.