БЕЛ (ашуу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ 1 – кыркатоолордун кайкыраак жону. Баш­ка тилдерде түрдүү маанилерди берет, мис., жал, жайпагыраак түздүк (азербайжан), тоо капта­лы (тува), тоо, кыркатоо, каптал (алтай), тоо боорунун дан өсүмдүктөрү жыш өсүүчү, кайрак дыйканчылыгы өнүккөн орто чени (түркмөнчө), капчыгай, шаңшаар (түрк), тоо этеги (монгол) ж. б. Б-дин а ш у у, д а б а н, ө т м ө к, а р т деген синонимдери да бар. Бул түшүнүккө бай­ланыштуу Кырг-нда – Алабел, Карабел, Түзбел, Көкбел, Музбел, Белкыштак, Белмазар, Белка­расуу ж. б. топонимдер учурайт.