БЕЛГОРОД
БЕ́ЛГОРОД – РФтеги шаар. Белгород обл-нун адм. борбору. Северский Донец д-нын боюнда. Калкы 340,9 миң (2005). Темиржол тоому. Курулуш материалдарын (цемент з-ду, асбест-цемент, бор-акиташ комбинаттары ж. б.) чыгарат. Машина куруу (а. и. энергетикалык машина ж-а прибор куруу, электр-тех., радиоэлектроника, металл констр., з-ддору ж. б.), металл иштетүү, хим., тамак-аш ж. б. өнөржайлары, 4 ЖОЖ, 2 театр, крайтаануу, көркөм музейи бар. «Курск салгылашуусу» музей-диорамасы иштейт. 1237-жылдан (археол. маалыматтар б-ча 10-к-дан) белгилүү. 17-к-да крым татарларынан коргонуунун борбору болгон.