БЕЛДЕМЧИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛДЕМЧИ – 1) белден төмөн тартылуучу аял­дардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездеме­леринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасал­ган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери м-н ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы м-н чоктолот. Кашаты башка жактарына караган­да тыгыз шырылып, калыңыраак ж-а жазы келип, кемер сы­мал адамды ты­кан алып жүрөт.

Б-ни жазда, күз­дө, айрыкча кыш­та тартынат. Ил­гертен эле жаңы көз жарган келин­дин энеси жээнин жент ек те п кел­генде, кызына бе­лин бекемдөө үчүн Б. тартуулаган. Б-ни оор түйшүк­түү көчмөн кыр­гыз аялдары жы­луу, ыңгайлуу ки­йим катары жого­ру баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, о. эле той-тамашаларда да сый кийим ка­тары тартынышкан. Мындай Б-лердин жээкте­ри саймаланып, кундуз карматылып, чачыла­нып кооздолот. Б-нин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү ж-а түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Б-нин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түн. ж-а түн.-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Б-нин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер ки­йиминин бир бөлүгү. Б. кийиз м-н кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин кал­кан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасал­ган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында чоп­кут, чарайна, карыпчы ж. б. кийимдер м-н кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп ай­тылат.