БЕЛЕКОВ Жанек Омошевич
БЕЛЕКОВ Жанек Омошевич (1960-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Мырзаке кыш.) – хирург, медицина илимд. доктору (1997), проф. КММИни (1985), СССР МИАны, А. В. Вишневский атн. хирургия ин-тунда аспирантураны (1990, Москва), Казак Респ-нын Саламаттык сактоо министрлигинин Хирургия улуттук борборунда докторантураны (1997, Алматы) бүтүргөн. КММИде ассистент, проф. 1998-жылдан Ош обл. оорукананын бөлүм башчысы.
Эмг.: Коррекция послеожоговых деформаций и контрактура шеи лопаточным лоскутом на микрососудистых анастомозах (в соавторстве). М., 1988.