БЕЛЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЕ́Н , П а р а – Бразилиянын түндүгүндөгү шаар, Пара штатынын адм. борбору. Калкы 1,4 млн (2005). Эларалык аэропорту бар. Ама­зонка д-нын дельтасындагы деңиз порту ж-а соода борбору. Тамак-аш, жыгаччылык ж. б. өнөржайлары иштейт. Кеме верфи; ун-т, муни­ципалдык парк (шаар ичинде тропик токою) бар. 1616-ж. негизделген. Санту-Алежандри монасты­ры (18-к.) сакталган.