БЕЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛИ́З – Борб. Америкадагы мамлекет. Юка­тан ж. а-нын түш.-чыгышында жайгашкан.

Түн., түн.-батышынан Мексика, түш.-батышы­нан Гватемала м-н чектешет. Чыгышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 23,0 миң км2. Калкы 279,5 миң (2005). Борбору – Бельмопан ш. Рас­мий тили – англис тили. Акча бирдиги – белиз доллары. Адм.-аймактык жактан 6 округга бөлүнөт. БУУнун, Эларалык валюта фондунун, Америка мамлекеттер уюмунун мүчөсү. Б. – унитардык мамлекет. Шериктештик­тин курамына кирет. Конституциясы 1981-ж. 21-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу форма­сы – парламенттик монархия. Мамлекет баш­чысы – Улуу Британия королевасы (монарх), анын милдетин Б. мамлекетинин жараны бол­гон генерал-губернатор аткарат. Аткаруу бий­лигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке


Белиздин жээги.

ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогор­ку органы – эки палаталуу Элдик чогулуш (Се­нат ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партияла­ры: Элдик биримдик партиясы, Бириккен де­мокр. партия.

Аймагынын көп бөлүгүн оёң саздуу түздүк ээлейт. Түш.-батышын Майя тоосу (бийикт. 1122 мге чейин, Виктория чокусу) курчап жа­тат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орт. темп-расы 25°Сден 27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1300 ммден түштүгүндө

4500 ммге чейин. Жеринин 1/ бөлүгүн баалуу дарактар өскөн, дайыма нымдуу тропик, түндү­гүн жалбырагы күбүлмө тропик ж-а саванна токою ээлейт. Айрыкча өлкөнүн түш. тарабын­дагы дөңсөө-тоолорун сейрек бадалдуу, жапыз өскөн тропик токою каптап жатат. Ири дарыя­лары: Белиз, Сибун ж-а Нью-Ривер (кеме жү­рөт). Б-де жалпы аянты 912 миң га келген, кор­гоого алынган 36 аймагы бар, а.и. Чикубуль улуттук паркы, дүйнөдөгү жалгыз Бассейн-Кок­скомб ягуарлар резерваты иштейт. Калкы негизинен белиздиктер (73,6%), орт. жыштыгы 1 км2 жерге 12,2 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 69,9, аялдарыныкы – 73 жаш. Эли – англис, о. эле испан тилдеринде, креоль диалектисинде да сүйлөшөт. Динге ишенгендер негизинен хрис­тиандар. Шаар калкы – 47%. Ири шаары – Бель­мопан.

Азыркы Б. жайгашкан аймак байыртадан эле майя цивилизациясынын очокторунун бири бо­луп келген. Б. 1502-ж. Х. Колумб тарабынан ачылган. Борб. Американын Испания тарабы­нан каратылышы м-н (1509–24), Б-дин түндүгү Жаңы Испаниянын (азыркы Мексика), ал эми түштүгү Гватемаланын курамына кирген. 17-к­да Б-ге англичандардын келиши м-н алгачкы колониясы негизделип, бул аймак үчүн англи­чандар м-н испандардын ортосундагы экон. ти­решүүлөр башталган. 1763-ж. Париж келиши­ми б-ча Б. аймагында испандардын бийлиги сакталып, англичандар болсо токой чарбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алар то­кой плантацияларында негр-кулдардын эмгегин пайдаланышкан. 18-к-дын аягы – 19-к-дын ба­шында англичандар испандарды акырындык м-н сүрүп чыгып, 1840-ж. расмий түрдө Б-ди Британ Гондурасы деген ат м-н өз колониясы деп жарыялаган. 1964-ж. гана Улуу Британия Б-ге ички иштерин өзү башкаруу укугун берген. 1981-ж. чейин Б. Америка континентиндеги британиялык акыркы колония болуп келген. 1981-ж. 21-сентябрда Б. көзкаранды эместигин жарыялап, БУУга мүчөлүккө кабыл алынган. 90-жылдары Б-де эки партиялуу система калып­танган. 1998 ж-а 2003-ж. парламенттик шайлоо­лордо Элдик биримдик партиясы (лидер Саид Муса, теги б-ча палестиналык) жеңишке жетиш­кен. Өлкөдөгү демокр. ин-ттардын бекемделген­дигине карабастан, экон. ж-а социал. маселе­лер чечилбеген бойдон калууда. Экономикасынын негизин 1960-ж. чейин то­кой чарбасы түзүп келсе, 1990-ж. 15 эсеге кыс­каргандыктан учурда Б.– агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 1778 млн доллар,


Белиз акчасы.

аны киши башына бөлүштүргөндө 6,5 миң дол­лардан (АКШ; 2005) туура келет. Ички дүң про­дукциядагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, айыл ж-а балык чарбасынын үлүшү 13%, өнөржайы­ныкы 9%. Туризм өнүгүүдө (жылына 200 миңге жакын). 2002-ж. 117 млн кВт·с электр энергия­сы өндүрүлгөн. А. ч-нын негизин балкамыш түзөт. Цитрус өсүмдүктөрү (лимон, апельсин, ман­дарин ж. б.) ананас, банан, кокос плантация­лары бар. Бодо мал, чочко багылат. Жыгач­чылык өнүккөн, кариб ж-а кызыл карагайдан

ж-а кампеш дарагынан жыгач даярдалат. Ба-

Балкамыш ташуу.

лык кармалат. Консерва өндүрүшү бар. Автомо­биль жолунун уз. 2,9 миң км. (а.и. 651 км ас­фальтталган). Ири деңиз порттору: Белиз, Дан­грига. Ички суу жолунун уз. 825 км. Сыртка кант, цитрус жемиштери, деңиз азыктары, бул­гаары ж-а булгаары-буткийим, жыгач буюмда­ры ж. б. чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, дары­дармек, отун, машина, транспорт жабдуулары, тиричилик товарларын ж. б. алат. Негизги сырт-

Экспортко жыгач даярдоо.

кы соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Канада, Мексика.

Мамлекеттин колониялык көзкарандылыгы­нын таасири улуттук мад-ттын, а.и. айрыкча ад-т ж-а иск-вонун өнүгүшүнө тоскоол болгон.

Алтун-Ха архитектуралык комплекси.
Байыркы эстеликтери майя мад-ты м-н байла­ныштуу. Анын ичинен Алтун-Ха, Ламанай (майя аймагындагы эң чоң пирамида), Караколь ж. б. арх-ралык комплекстери сакталган. 16-к­да колониалдуу стилдеги курулуштар пайда боло баштаган (мис., испандык миссионерлер тара­бынан курулган байыркы Ламанай ш-дагы ме­чит), арх-ра негизинен 19–20-к. Белиз ж-а Бель­мопан ш-да өнүккөн. 6–14 жашка чейин баш­тапкы билим берүү милдеттүү ж-а акысыз жүр­гүзүлгөн. Бардык шаарларында мектептер бар. Техникалык, педагогикалык, айыл чарба, жаш­тарды өстүрүү борбору, проф-дык окуу борбору,

чоңдор үчүн үзгүлтүксүз билим берүү мектептери орун алган. Калктын сабаттуулугу 80%ти түзөт. Улуттук ун-т, китепканалары бар.