БЕЛИНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛИ́НСКИЙ Виссарион Григорьевич [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында (1822–24), Пенза гимназиясында (1825– 28) окуган. 1829-ж. Москва ун-тинин көркөм сөз бөлүмүнө кирет. Крепосттук түзүлүштү катуу сынга алган «Дмитрий Калинин» аттуу туңгуч пьесасы үчүн окуудан чыгарылат. «Отечествен­ные записки», «Современник» журналдарында иштеген. 1834-ж. бул журналда «Адабий кыял­дар» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал орустун реалисттик эстетикасына ж-а сынына негиз салган. «Таза искусствонун» теориясына


каршы туруп, жазуучулар­дан коомдун алдыңкы тен­денциясын ачып берүүнү та­лап кылган. «Искусствонун идеясы» (1841), «Поэзиянын т ект ерге жана түрл өргө бөл үнүшү» (1841), «Сын жөнүндө сөз» (1842), «Алек­сандр Пушкиндин чыгарма­лары» (1843–48), «1847-жыл­дагы орус адабиятына көз­караш» (1848) аттуу макалаларында эстетика­лык принциптерин ачык-айкын жарыя кылган. «Орус повести жана Гоголдун повесттери» (1835) макаласында Гоголдун чыгармаларында реа­лизм м-н элдүүлүк принциптеринин кеңири орун алганын көрсөткөн. Анын сынчылык мурасында Пушкинге арналган макалалар цикли өзгөчө орунда. Бул циклди орус ад-тынын Ломоносов­дон Пушкинге чейинки тарыхы десе да болот. Анда Пушкиндин поэзиясы орус ад-тындагы жа­ңычыл көрүнүш экени, анын улуттук мүнөзү, көркөмдүк өзгөчөлүгү кеңири ачылат. М. Ю. Лер­монтов, Н. В. Гоголь ж. б. ж-дөгү макалала­рында жазуучулардын чыгармаларынын улут­тук өзгөчөлүгүн, элдүүлүк, гумандуулук ка­сиеттерин көрсөтүп, орус ад-тынын өсүү жолдо­рун талдаган. Б. Европанын улуу сүрөткерле­ри У. Шекспир, П. Беранже, Г. Гейне, В. Гете, Ч. Диккенстин чыгармалары ж-дө да ойлорун айткан. Чыг-лык мурасы кыргыз адабий сыны­нын калыптанышына да таасирин тийгизди. Анын тандалма макалалары 1948- ж-а 1973-ж. кыргыз тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан.


.А Садыков.