БЕЛ КУДА
БЕЛ КУДА – бала төрөлө электе кудалашуу салты. Бири бирине ымаласы жакын эки үйбүлө өзүлөрүнүн жакындыгын күчөтүү максатында Б. к. болушкан. Сөөк жаңыртуу иретинде да кудалашкан. Балдар төрөлгөндө экөө тең кыз же эркек болсо, анда алар эки баланы достоштуруп коюшкан. Бири кыз, бири эркек болсо кудалашуусун улантышып, куда салтын жасашкан. Б. к. салты казактарда, о. эле О. Азиянын башка элдеринде да кездешет.