БЕЛЛИНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЛИ́НИ Винченцо (3. 11. 1801, Катания, Си­цилия – 23. 9. 1835, Пюто, Парижге жакын; кайрадан көмүлгөн жери – Катания, 1876) – итал. композитор. Музыканттардын үйбүлөсү­нөн (чоң атасы органист ж-а композитор, атасы ди­рижёр болгон). 1819–25-ж. Неаполдо «Сан-Себастьяно» консерваториясында окуган. 1825-ж. алгачкы «Адельсон жана Сальвини» операсын жазган. Б. «Бианка жана Фернандо» операсы (1826, «Сан-Карло» театры, Неа­поль) м-н таанылган. «Бө­төн кыз» (Милан), «Заира»

(Парма; экөө тең 1829), «Капулетти жана Мон­текки» (У. Шекспир; 1830, Венеция), «Сомнам­була» ж-а «Норма» опералары м-н чоң ийгилик­терге жетишкен. «Беатриче ди Тенда» (1833, Ве­неция) операсынын премьерасынан кийин Ита­лияны таштап, Лондонго, андан кийин Парижге келген. Ж. Россининин колдоосунда Ф. Шопен м-н достук мамиледе болот. Итал. труппа үчүн Парижде «Пуритандар» операсын (В. Скотт, 1835) жазган. Бул опера Б-ге ийгилик алып кел­ген. Опера композитору катары (10 опера) атак­ка ээ болгон. 20 чиркөө чыгармалары (1825), 7 симфониясы (1821–24), каприччио ж-а форте­пьяно үчүн полонез (4 кол м-н), бир нече ырла­ры, гобой ж-а кылдуу аспаптар үчүн концерти сакталып калган. Ардактуу легион ордени м-н сыйланган (1835).