БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ – 1991-ж. 8-де­кабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларус­сия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамле­кеттеринин башчылары (Б. Ельцин, (С. Шуш­кевич) Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган ке­лишим. Б. м. Советтик Социалисттик Республи­калар Союзу (СССР) эларалык укуктун субъекти­си катары өз жашоосун токтоткондугун белги­леген. 1991-ж. коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин ка­макка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көзкаранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы респ­лар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин кура­мынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкө­дөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кыр­даалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Бе­ловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-ж. 12-декабрда Ашгабад ш-нда О. Азия республикасынын президентте­ринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстан­дан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажик­стандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ния­зов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өзара союздаштык ж-дөгү макулдашууга кол коюшуп, о. эле Б. м-нын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы респ-ларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-ж. 21-декабрда Алматы ш-нда мурдагы СССРдин курамындагы 11 респ-нын (Армения, Азербай­жан, Беларусь, Казакстан, Кырг-н, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н Көзкарандысыз Мам­лекеттер Шериктештигине (КМШ) негиз са­лынган. 1991-ж. 25-декабрда СССРдин президен­ти М. С. Горбачев кызматынан кеткендигин жа­рыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.

А. Орозов.