БЕЛОВЕЖА ЧЕР ТОКОЮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛОВЕ́ЖА ЧЕР ТОКОЮ – Беларуссия (Брест, Гродно обл.) м-н Польшанын чегарасындагы (Неман, Буг ж-а Припять д-нын алабында) ко­рук-токой массиви. Жалпы аянты 150 миң га. Б. ч. т. 13-к-дан тартып княздар, кийин пады­шалар аңчылык кылуучу токой болгон. 1940- жылдан корук катары уюшулган, ал эми 1957- жылдан корук-аңчылык чарбасы. 1991-жылдан Беларуссиядагы улуттук парк (аянты 87, 6 миң га). 1992-жылдан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Польша аймагында элдик парк (аянты 5,1 миң га). Өсүмдүк ж-а жаныбар дүйнөсү өтө бай. Токойдун 50% аянтында кы­зылкарагай, о. эле мырзакарагай, граб, эмен, коңдагач ж. б. өсөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 59, куш­тардын 228ден ашык, жерде-сууда жашоочулар­дын 11, сойлоочулардын 7, 30ка жакын балык­тын, 8,5 миңге жакын курт-кумускалар түрү ке­зигет. Негизги корголуучу жаныбар – зубр, о. эле багыш, европа бугусу, элик, доңуз, куну, карышкыр, сүлөөсүн, коён, куштардан – токой чили, каракур, кереңкур ж. б.

Ад.: Беловежская пуща в третьем тысячелетии: Проблемы сохранения природы и устойчивого разви­тия. Брест, 2002.